• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

13-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. 14-15-июндарда туруксуз аба ырайы күтүлөт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 21…26°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 23…28°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде 18…23°, тоолуу райондордо 13…18°, бийик тоолуу райондордо 3…8° жылуу болушу күтүлөт.

Эртең, 13-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 14-15-июндарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-июнда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11; күндүз 22…27.

Эртең Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 32…34 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий