• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

13 кыргызстандык коронавирус катталган өлкөлөрдөн келгенин жашыргысы келген – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Чек арачылар коронавирус катталган өлкөлөрдөн келгенин жашырууга аракет кылган 13 кыргызстандыкты аныктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек ара көзөмөлү башкы башкармалыгынын башчысы Нурлан Жалбиев билдирди.

Ал белгилегендей, учурда ID-карт менен өлкөгө кирүүгө жана чыгууга болбойт.

"Бул чектөө эпидемиологиялык кырдаал турукташканча убактылуу түрдө киргизилүүдө. Чек арачылар коронавирустан улам чет элдиктерге жана жарандыгы жок адамдарга өзгөчө көңүл бурууда. Биздин жарандар коронавирус катталган өлкөлөрдөн келгенин жашырууга аракет кылган учурлар аныкталды. Ал жарандар карантинге алынган. Мындан улам ID-карт менен өлкөгө кирүүгө тыюу салынды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий