• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

13-майда Мамлекеттик сатып алуулар департаменти коомдук угууларды өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти 2017-жылдын 13-майында саат 14.00тө бир нече долбоорлор боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Коомдук угууларда каралуучу долбоорлор:

1. Даттанууларды жана каршылыктарды карап чыгуу боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын иштөө тартиби жөнүндө жобонун долбоору;

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин “Мамлекеттик сатып алууларды баалоо жана мониторингдөө методологиясын бекитүү жөнүндө” буйругунун долбоору;

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 23-июнундагы №113-П “Кыргыз Республикасында Электрондук сатып алуулар порталын ишке киргизүүнү жүзөгө ашыруу жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу.

Белгилей кетсек, коомдук угуулар 2016-жылдын 20-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде башкаруунун коррупцияга каршы моделин киргизүү боюнча иш-чаралардын жаңыланган планын аткаруу максатында өткөрүлмөкчү. Бардык каалоочулар үчүн эшик ачык.

Коомдук угуулар өткөрүлүүчү жайдын дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58 А, 6-кабат.

Пикир

Оставить комментарий