• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

13-майга чейин өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында жакынкы күндөргө карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 9-майда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

10-11-май күндөрү тункүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 11-майда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 13-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорундажаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши мүмкүн.

14-майда болсо кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий