• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

13-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.03.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 9-марттан 13-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

9-13-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

9-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

10-мартта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облосунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунуну кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этекетринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

13-мартта түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-мартта күндүз жана 11-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

9-мартта түнкүсүн жаан, кар жаашы күтүлөт.

9-мартта күндүз жана 10-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

10-мартта күндүз жаан, 11-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

12-13-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 матрден, 10-мартта күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

10-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

12-мартта түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этекетринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

13-мартта түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-мартта күндүз жана 11-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

9-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

10-мартта тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-мартта күндүз жана 13-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-мартта күндүз жана 11-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

9-мартта түнкүсүн бир аз кар жаашы күтүлөт.

9-мартта күндүз, 10-мартта жана 11-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-мартта күндүз жана 12-мартта түнкүсүн жаан, кар жаашы күтүлөт.

12-мартта күндүз жана 13-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

9-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-мартта күндүз жана 10-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

10-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар, 11-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар, 12-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-мартта күндүз жана 13-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-мартта күндүз жана 11-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий