• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

13-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Эртең, 13-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8 градуска жетет.

Ал эми Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус.

Баткен облусунда болсо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус жылуу болушу күтүлөт.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1 градус, күндүз 8…10 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий