• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

13-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 9-октябрдан 13-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

9-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 9-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоо этектерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-октябрда Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 10-октябрда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

11-13-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

9-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-октябрда күндүз жаан жаашы күтүлөт.

10-13-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

9-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-октябрда күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-октябрда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 10-октябрда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

11-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

11-октябрда күндүз жана 12-13-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

9-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-октябрда күндүз жана 10-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-октябрда күндүз, 11-октябрда жана 12-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-октябрда күндүз жана 13-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

9-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-октябрда күндүз жана 10-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

11-13-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-октябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

9-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-октябрда күндүз жана 10-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-октябрда күндүз жана 11-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоо этектерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-13-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий