• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

13-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 13-октябрда өлкө аймагында күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо тумаш түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 12…17°, Талас өрөөнүндө 9…14°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 10…15° жылуу болушу, ал эми тоолуу райондордо -2…-7° суук болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында абанын температурасы +15…+17 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий