• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

13-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23;

Талас облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;

Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21;

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23 градуска чейин көтөрүлөт.

Эртең, 13-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын дээрлик күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 21...23 градуска чейин жогору болот.

Пикир

Оставить комментарий