• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

13 жаштагы чемпиондун ийгиликтери

Аналитика 0

Дени сак улут, күчтүү мамлекет демекчи өлкөбүз жаш, таланттуу спортчулардан уучу куру эмес. Кыргыз спортунун кичинекей жылдызы Темирлан Уланбек уулунун спорттогу ийгиликтери тууралуу учкай сөз кылабыз.

Темирланды алгач ирет апасы Айзада Матанова 7 жашында борборубуздагы самбо мектептеринин бирине алып келген. Эне спорт баланын ден соолугу чың болуп, толук кандуу калыптануусу үчүн эң зарыл экенин баса белгиледи.

Айзада Матанова

- Балам азыр 13 жашта, биз спортко жакын үй-бүлөбүз десем болот. Мен өзүм кызыккандыктан уулумду спорттун бул түрүнө бергем. Кудайга шүгүр, жакшы эле жетишкендиктерге жетишип жатат. Кыргызстандан тышкары Казахстанга дагы бир нече ирет барып, мелдештерге катышып келди. Биз үй-бүлөбүз менен уулдарыбыздын ар бир мелдешинде жан үрөп колдоп турабыз. Темирландан улуу балам да күрөшөт, ал да жакында эле окуучулар арасындагы спартакиядада чемпион болду. Уулдарым спорт менен машыга баштагандан тартып, тамакка болгон табити, жүрүм-туруму, ден соолугу алда канча жакшырды. Сабактан соң залга жөнөшөт, көчө таптап же компьютер ойногонго убактылары болбойт.

Ал эми Темирландын машыктыруучусу Баатыр Байшериев төмөндөгүлөргө токтолду:

- Азыркы учурда биздин Бекболот Рахатбеков атындагы спорт клубда отузга чукул бала машыгат. Алардын 16сы 2004, 2005, 2006-жылы туулган балдар арасында биринчилер. Өз салмак категорияларында чемпиондор. Самбо балдарды өзүн-өзү коргой билүүгө үйрөтүү менен бирге жүрүм-турумун, кулк-мунөзүнүн калыптануусуна да оң таасирин тийгизет. Азыркы тапта биздин клубдан алты бала чет жактарга чыгып күрөшүп келишти. Жакында эле Казахстандын Герой деген шаарында өткөн мелдештен эки балабыз чемпион болсо, үчөө байгелүү орундарга жетишишти. Ага утурлай эле Казахстандын Байконур шаарында да самбо боюнча мелдеш болуп, ал жакка үч баламды алып баргам. Бул мелдеште Уланбек уулу Темирлан чемпион болду. Финалдык беттешүүдө Россиянын спортчусу менен күрөшүп, 8-0 эсебинде 7 мүнөттө жеңишке жетишти. Ал бала Санкт-Петербург шаарынан өз салмагынын биринчиси экен. Ошол эле мелдештен Баяманов Амантур жана Жолдошов Арлен коло байгеге ээ болуп кайтышты. Кудайга шүгүр жакшы эле жыйынтык көрсөтүп жатышат. Алдыда дагы көп мелдештер бар, буюрса Сентябрь айында Москва шаарында “Кубок двух морей” деген мелдеш өтөт, ошого даярык көрүүдөбүз.

Ал эми Уланбек уулу Темирлан мага 9 жашында келген, менде 5жылдан бери машыгып келе жатат. 5 жылдын ичинде Темирлан дзюдо, самбо боюнча 25 жолу чемпион болду. 2016-жылы кармаш уруштан дагы чемпион болгон. Темирландын өзүнүн жүрүш-турушу таза, ата-энеси жада калса чоң ата , таятасы да спортко абдан жакын адамдар. Чет жакта кандай гана мелдештер болбосун, биринчилерден болуп демилге көтөрүп, колдоо көрсөтүшөт. Бизде негизинен чет жактарга чыгууда мамлекет тарабынан эч кандай каржылык жардам болбойт. Ата-энелер баардык каражатты өздөрү төлөшөт. Ушул нерсеге түшүнүү менен мамиле жасап, балдарынын өсүп-өнүгүшү үчүн кам көргөн спорттун чыныгы күйөрмандары болгон ата-энелерге ыраазычылык билдирип кетким келет.

Жаш чемпион Темирлан келечектеги максаттары тууралуу буларды айтты:

- Келечекте архитектор болгум келет. Анан самбо боюнча дүйнөнүн чемпиону болууну каалайм.Мага самбо абдан жагат, өтө кызыктуу спорт. Мен дзюдого деле күрөшөм, бирок, самбо көбүрөөк жагат. Келечекте самбо дагы олимпиадалык оюндардын катарына кирсе дейм. Эгер чындап эле кирип калса, анда мен олимпиаданын чемпиону болгонго аракет кылам. Бизге күрөштүн сырын үйрөткөн, жеңишке жетүүбүз үчүн талбай эмгек кылган Баатыр Байшериев агайыма, Анара Эстебесова эжеме жана мени ар дайым колдоп келген ата-энеме чоң ыраазычылык билдирем.

Даярдаган Нурпейил Сагынбекова

Пикир

Оставить комментарий