• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

130 млн доллар. Сауд өнүктүрүү фонду менен эки келишимге кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Ушул жылдын 23-24-апрелинде Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад башында турган делегация иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында финансы министри Алмаз Бакетаев менен Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршаддын ортосунда "Турак жайды каржылоо" жана "Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоо, IV фаза" долбоорлору боюнча кредиттик макулдашууларга кол коюлду.

Долбоорлордун жалпы суммасы 130 млн АКШ долларын түзөт.

Долбоорлор муктаж болгон жарандарды арзан турак жай менен камсыздоого, ошондой эле Талас районундагы жолдун 92,9 чакырым бөлүгүн реконструкциялоого багытталган.

Маалымат үчүн: Биринчи келишим 100 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя катары, Кыргызстандагы «Турак жай программасы» долбоорун калкты турак жай менен камсыздоо максатында бөлүнгөн каражат.

Долбоорго ылайык, Кыргызстанда 3 миңге жакын имарат курулат (жалпы аянты 255 миңге жакын чарчы метрди түзөт.

Аталган долбоор КРдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жана социалдык туруктуулугун жогорулатууга салым кошот.

Экинчи келишим, Тараз-Талас унаа жолун реабилитациялоо долбооруна (4-фаза) 30 млн. АКШ доллар өлчөмүндө женилдетилген насыя катары каралып, жалпы 93 чакырым унаа жолун камтыйт.

Долбоор жол-транспорт кырсыктарынан каза болгондордун жана жаракат алган жарандардын санын азайтууга, жол коопсуздугунун деңгээлин жана анын сапатын жогорулатууга жардам берет.

Ошондой эле, бул жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо соода жүгүртүүгө өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, бул долбоор Араб координациялык тобу тарабынан каржыланат.

Эске салсак, 2011-жылдан тартып Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 330 млн доллар өлчөмүндө 10 долбоорду жана программаны каржылоо үчүн 10 жеңилдетилген кредит, ошондой эле 4 млн доллар өлчөмүндө грант бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий