• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

1338 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 5 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

3 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1338 адам кабыл алынат (анын ичинен 1031 — чоң адамдар жана 307 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

2 Жарлыкка ылайык, 900 адам (анын ичинен 690 — чоң адамдар жана 210 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Бардыгы 2238 адам кайрылышкан (1721 — чоң адамдар жана 517 — балдар).

Жарандарды кабыл алуу жана чыгаруу боюнча Жарлыктар менен бул жерден тааныша аласыздар: 1, 2, 3, 4, 5.

Пикир

Оставить комментарий