• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

№1360 шайлоо тилкесинде экинчи тизме жок, болушу да мүмкүн эмес – комиссия мүчөлөрү жана байкоочулар

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Мирлан Киизбаев - Кабар/. №1360 шайлоо тилкесинде “Демократия үчүн жана жарандык коом” уюмунун коалициясынан байкоочулар келген эмес. Мындай оюн комиссия мүчөлөрү жана байкоочулар № 1360 шайлоо тилкесинде кош каттоо болуп жатат деген суроого жооп берип жатып билдиришти.

Байкоочулардын жана комиссия мүчөлөрүнүн айтуусу боюнча, тилкеге аталган уюмдун мүчөлөрү да байкоочулар дагы келген эмес.

“Аталган уюмдун мүчөлөрү каттоодон өтүшкөн эмес жана тилкеге да келишпеген”,-деп билдиришти алар.

Ошондой эле, №1360 шайлоо тилкесинде катышып жаткан байкоочулар жана комиссия мүчөлөрүнүн айтуусуна караганда, экинчи тизме жок, болушу да мүмкүн эмес.

Эске сала кетсек, бүгүн, бир катар ММКда №1360 шайлоо тилкесинде участкалык комиссиянын шайлоочулар боюнча кош тизме жүргүзүп жаткандыктары айтылып, бул маалыматты “Демократия үчүн жана жарандык коом” коалициялык уюму таратканы жазылып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий