• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

14нөн 19-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 13нөн 19-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 14-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо туман түшүшүкүтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

16-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-октябрь күнү көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

18-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, 18-октябрда күндүз жана 19-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий