• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

14-18-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. 14-февралда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 14-февралда күндүз Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

15-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 15-февралда күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

16-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-февралда күндүз жана 16-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.17-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

18-февралда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 18-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий