• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

14-18-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. 14-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

17-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

17-январда күндүз жана 18-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий