• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

14-апрель. Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылды.

— 2020-жылдын 14-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталды.

— Коронавирусун жуктурган жалпы 430 учур катталды. Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 93
  • Ош облусунда – 128
  • Ош ш. – 59
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек ш. – 77
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусунда – 34
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

— Саламаттык сактоо министрлиги эки кызматкер коронавирус жуктуруп алганын билдирди. Алардын бири – ыкчам штабга тартылган ведомство алдындагы саламаттык сактоо уюмунун кызматкери. Экинчиси – күзөт кызматынын кызматкери.

— COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 100 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
Жакын байланыштар (I категория) – 1 417
Башка байланыштар (II категория) – 5 683

— Кыргызстан боюнча обсервацияда 974 адам жатат.

— Өлкөдө COVID-19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур. Алардын ичинен 24 дарыгер, 32 орто медперсонал – медайымдар, лаборанттар, дарыгерлердин жардамчылары, калгандары кенже медперсонал – санитаркалар, ашпозчулар жана башкалар.

— Оорунун жогорку чеги 20-24-апрель күндөрү күтүлүүдө.

— Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режимин 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

— Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

— Бишкек шаарынын комендатурасы билдиргендей, ӨА режимин 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылгандыгына байланыштуу – буга чейин берилген өткөрмө кагаздардын мөөнөтү автоматтык түрдө узартылат.

— Оор жашоо кырдаалына туш болгон үй-бүлөлөр жана жарандар алгачкы керектүү азык-түлүктөр катары гуманитардык жардам алууда.

Пикир

Оставить комментарий