• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

14-апрелге карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз 19…24, Ысык-Көлдө 14…19, Нарында 15…17 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 23…28 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы 20…22 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий