• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

14-февралга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 14-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 8-февралда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

9-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 10-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 12-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ал эми 13-14-февраль күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий