• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

14-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.01.19. /Кабар/. Эртең, 14-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 6...11, ал эми Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 5...10.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -1…4, Баткен облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10. Ал эми Нарында түнкүсүн -23...-28, күндүз -11...-16 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -5…-7 суук, күндүз 7…9 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий