• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

14-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.07.19. /Кабар/. Эртең, 14-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37, Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36 градус болот.

Ысык-Көл облусунда 13…18, күндүз 23…28, Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37 градуска жетет.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 34…37 градус ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий