• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

14-июнда Кара-Суу шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 12.06.21./Кабар/. 14-июнда Ош облусунун Кара-Суу шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан"компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1975-жылы ишке берилген Ленин көчөсүндө жайгашкан жапкыч крандарын алмаштырууга байланыштуу 14-июнда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Кара-Суу шаарында убактылуу жаратылыш газын берүү токтотулат.

Белгилей кетсек, жапкыч крандары газдын агымын жөнгө салуу үчүн колдонулат.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий