Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Эртең, 14-майда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28, Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28 градус болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21.
Ал эми Ошто, Жалал-Абадда, Баткен облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31 градуска чейин жетет.
Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 26...28 градус болот.
Пикир
Оставить комментарий