• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

14-мартка карата 140 миң салык төлөөчү БСД тапшырды – МСК

Экономика 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. 2017-жылы 14-мартка карата Бирдиктүү салык деклорациясын 144 миң 148 салык төлөөчү тапшырды, анын ичинде 36 миң 534 уюмдар, 79 миң 940 жеке ишкерлер, 27 миң 774 жеке жактар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, физикалык жактар 1-апрелге чейин салык органдарына 2016-жылы алган кирешесин же экономикалык ишмердүүлүгү, мүлкү жана жер тилкеси тууралуу башка маалыматты көрсөтүүсү керек.

Башкача айтканда, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин БСДны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде салыкты патенттик негизде төлөгөндөр, салык төлөнө турган кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз мүлккө (батир жана үй) жана жер тилкесине, дыйкан же фермер чарбасына ээ болгон жеке жактар тапшырууга милдеттүү.

Деклорацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом суммасында административдик айып пул каралган.

Толук маалыматты 194 номери боюнча салык кызматынын Call-борборунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий