• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

14-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.03.18. /Кабар/. Эртең, 14-мартта өлкө аймагында маал-маалы менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 1…6;

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 0...5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…7, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Эртең, Бишкекте маал-маалы менен жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүзү 4…6 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий