• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

14-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта, Кыргызстандын кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 9…14 градус, Ысык-Көл облусунда 7…12, Нарын облусунда 5…10 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын температурасы 13…18 градус болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы ыктымал, абанын температурасы 11…13 градуска чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий