• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

14 миңден ашуун мамкызматкерлердин декларациялары боюнча материалдар прокуратурага өткөрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 2018-жылдагы Бирдиктүү салык декларациясын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча иштердин алдын ала жыйынтыктарын чыгарды.

2019-жылдын 1-декабрына карата салык кызматынын маалыматтар базасына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардан 59 миң 18 салык декларациясы келип түшкөн. Бул 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 9 миң 330 декларацияга көп. Декларациялардын санынын өсүшү негизинен жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан берилген декларациялардын көбөйүшү менен шартталды.

Ошону менен бирге 7 миң 462 декларант 30-июнга чейинки мөөнөттө мурда тапшырылган декларацияга толуктоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун пайдаланды.

Бүгүнкү күндө Салык кызматы 2018-жыл үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө 56 миң 609 декларацияны иштеп чыгып, талдоого алды, бул 2017-жыл үчүн декларацияларды талдоонун жыйынтыгына салыштырмалуу 10 миң 165 декларацияга көп. Анын ичинен саясий, атайын жана башкы кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдардын 1 миң 349 декларациясы текшерилген.

Ар кандай укук бузуулар, анын ичинде декларацияны бербегендиги же өз убагында бербегендиги, ошондой эле такталбаган маалыматтар менен декларацияны берүү боюнча прокуратура органдарына юридикалык баа берүү үчүн 14 миң 374 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге карата маалыматтар жана корутундулар тапшырылып берилди.

Алардын ичинен 1 миң 579 декларант боюнча материалдар – мыйзамда белгиленген мөөнөттү бузуу менен декларацияны бергендиги үчүн, анын ичинен 126 – саясий, атайын жана башкы администрациялык кызмат орундарын ээлеген адамдар. Декларацияны бербегендиги үчүн – 5 миң 106 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, анын ичинен 157 жогорку саясий, атайын жана башкы администрациялык кызмат орундарын ээлеген адамдар. Туура эмес маалыматтар менен декларацияны бергендиги үчүн – 7 миң 689 адам, алардын 499 – саясий, атайын, жогорку жана башкы административдик кызмат орундарын ээлегендер.

Салык кызматынын сайтында саясий, атайын, жогорку администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген 4 миң 229 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, ошондой эле алардын жакын туугандарына карата жыйынды маалыматтар жана декларацияны мыйзамда белгиленген мөөнөттөн кечиктирип берген 1 миң 201 декларанттын тизмеси жарыяланган.

Баштапкы маалыматтардын толуктугу жана негиздүүлүгү жаатында декларацияда чагылдырылган маалыматтарды талдоо жана иликтөө боюнча иштин алкагында салык органдары коммерциялык банктарга жана Улуттук банкка саясий, атайын, жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий жана жогорку администрациялык миниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган декларанттар боюнча (эсептешүү жана башка эсептердин болушу жөнүндө) маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптарды жөнөтүштү.

Ошондой эле суроо-талаптар компаниялардын уставдык капиталында үлүш, КРдин чегинен тышкаркы эсептер жана мүлктөр, акциялар жана баалуу кагаздар, мамлекеттик компаниялардагы үлүштөрү бар экендиги жөнүндө, ошондой эле ипотекалык насыя алуу тууралуу жана башка маалыматтарды алуу үчүн бир катар мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке жактардын, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча өнөктүк аягына чыккан. 1-июлдан бери Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясына текшерүү жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий