• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

"Бишкексууканал" башкармалыгынын маалыматы боюнча, 14-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу болбойт жана таза суунун убактылуу өчүрүлушү "Батыш-2" суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу.

Белгиленгендей, үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу өчүрүлөт.

Ала-Арча суусу темир жол линиясы, Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары жана Жаш Гвардия - Темир жол линиясы, Фрунзе - Манас көчөлөрү чектешкен аймакта суу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий