• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

14-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Эртең, 14-сентябрда Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;

Талас облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 19...24;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;

Баткен облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23;

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, 19...24 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7...9, күндүз 22...24 градуска чейин жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий