• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

14 жылдын ичинде КРда УКТ тарабынан 83 буйрутма кылмыш жасалган

Коом 0

Бишкек, 03.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда 2002-жылдан 2016-жылга чейин буйрутма менен 83 кылмыш жасалган. Бул тууралуу “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” мыйзамга кирген өзгөртүүлөрдү талкуулоо боюнча тегерек столдун жүрүшүндө айтылды.

Катталган кылмыштардын арасында криминалдык “разборка”, өлтүрүүгө аракет жасоо, атайылап өлтүрүү жана башкалар бар. Буйрутма менен адам өлтүрүүлөрдүн жалпы санынын 25и криминалдык разборкалардын кесепети болгон.

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, аталган тизмеде:

  • Жогорку Кеңештин экс-депутаты Баяман Эркинбаевдин өлүмү (2005, сентябрь);
  • Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмү (2005, июнь);
  • Жогорку Кеңештин экс-депутаты Санжар Кадыралиевдин өлүмү (2009, апрель);
  • Президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү (2009, март);
  • Ички иштер органдарынын кызматкерлери Чыныбек Алиев, Уран Алиев, Мелис Ниязалиев, Эрлан Искендеров, Өмүрбек Жумакадыров, Талас облусунун Бакай-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Анвар Алиевдин өлүмү бар.

“Акыркы жылдарда болгон окуялар уюшкан кылмыштуулук өлкөдөгү саясий абалга таасирин тийгизерин, улуттук коопсуздукка коркунуч туудурарын көрсөттү. Криминалдык коомчулук мурдагыдай эле бир кыйла финансылык каражаттарга ээлик кылат, максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын коррупцияга аралашкан адамдарын колдонушат”, - деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тегерек столдо сүйлөп жатып.

Ал белгилегендей, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү укук коргоо органдарынын негизги ишмердүүлүгү болушу керек, ал үчүн эффективдүү нормативдик-укуктук база керек.

“2013-жылдын 29-майында КРнын “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган, бирок ал толук ишке ашырылган эмес. 2016-жылы 2-ноябрда учурда ведомство аралык жумушчу топтору тарабынан талкууланып жаткан кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган”, - деди Ж.Разаков.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдиргендей, учурда мыйзам долбоору министрликтер жана ведомстволор аралык макулдашуу процедурасынан өткөн. Учурда Юстиция министрлигинде укуктук экспертиза жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий