• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

142 өлкө БУУну реформалоо сунушун колдошту

Дүйнө 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Дүйнөнүн 142 өлкөсү, анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Германия жана Жапония Бириккен Улуттар Уюмун реформалоо сунушун колдошту. Бул тууралуу дүйнөлүк уюмдун алдындагы америкалык дипломатиялык миссиянын сайтындагы расмий документте айтылат.

Декларацияга кол койгон мамлекеттер БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришти реформа жараянын жетектөөгө үндөштү. 10 пункттан турган документте уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө жана аларды өз ара айкалыштыруу зарылдыгы тууралуу айтылат. Ошондой эле декларацияда БУУнун кадр саясатын оптималдаштыруу маселеси дагы көтөрүлгөн.

Орусия Бириккен Улуттук Уюмун реформалоо жараянына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу күн мурун Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий билдирген.

Бүгүн Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында жалпы жарыш сөздөр башталып, ага биринчи жолу 130дан ашык өлкөнүн башчылары катышат. Анда алгачкы жолу АКШнын президенти Дональд Трамп сөз сүйлөйт. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун билдиргенине караганда, Трамп өз сөзүндө Түндүк Корея, эл аралык терроризм жана Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишим маселелерин козгойт.

Күн мурун Трамп БУУнун өнүгүшүнө бюрократия, туура эмес башкаруу, өтө чоң чыгымдар жана кызматкерлеринин көптүгүн тоскоол болуп жатканын билдирген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий