• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

15 адам милиция кызматкерлерин сабаган: Жалал-Абад ИИБнен окуянын чоо-жайын айтып беришти

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгында 15 киши милиция кызматкерлерин сабаган деп кармалып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ИИБнин башчысы Кылыч Жолдошев “Кабар” агенттигине билдиргендей, ноябрь айынын башында Терек-Сай айылында кызмат аткарып жаткан үч милиция кызматкермн 15 адам сабап кеткен. Болжол менен алардын баардыгы 1986-жылкы адамдар болгон.

“Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу максатында ошол жерде болушкан. Эркек кишилердин бирөөсү кайтарылуучу жайдын аймагына кирип кеткен экен. Биздин кызматкерлер аны ал жактан чыгарышкан. Ошол үчүн ал киши милиция кызматкерлери аны сабаган деп, өзү менен биргеликте бир топ кишилерди ээрчитип келген. Келгендер укук-коргоо органдарын таш менен урушкан. Учурда балдардын бирөө дагы деле Бишкекте ооруканада жатат. Экөө ооруканадан жакында чыгышты”, - дейт ал.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалган.

“Кечээ 15 киши кармалган. Алар 48 саатка эркинен ажыратылып, Жалал-Абад облусунун ИИБде кармалууда”, - дейт Жолдошев.

Облустук милициянын башчысы белдиргендей, бүгүн Терек-Сай айылынын 200гө жакын жашоочусу чогулуп, кармалгандарды бошотууну талап кылууда.

Пикир

Оставить комментарий