• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

15-апрелде Кытай грантынын эсебинен Бишкектин эки көчөсүндө оңдоо иштери башталат

Коом 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. 15-апрелден баштап Кытайдын грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабынын алкагында дагы эки көчөнүн бөлүктөрүндө оңдоо иштерин баштоо пландаштырылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Реконструкция боло турган көчөлөр:

  • Өмүракунов көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейин. Көчөнүн түштүк тарабы боюнча унаалардын эки тараптуу кыймылы түндүк тарабын оңдоо учурунда сакталып калаарын белгилей кетүү керек;
  • Шота Русатвели көчөсү Ажыбек Баатыр көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин.


Аталган аймактардагы оңдоо иштерин жайдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Бишкек шаарынын мэриясы жолдордун курулушу менен байланышкан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардын түшүнүүсүнө үмүттөнөт, ошондой эле айдоочулардан каттамды алдын ала пландаштырууну суранат.

Эске салсак, Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда. Бул тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилет же жаңыланат, баарында тротуарлар жана ирригациялык тармактар болот. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, подрядчиктер - кытайлык China Road and Bridge Corporation корпорациясы.

“Урматтуу шаардыктар! Бул тизмедеги https://www.meria.kg/ru/post/17923 көчөлөрүнүн бардыгы сөзсүз түрдө оңдолот, бир гана унаа жолу эмес, тротуарлар жана сугат иштери да иретке келтирилет. Учурда биз унаа аз каттаган көчөлөрдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатабыз, алардын көпчүлүгү турак жай конуштарында. Шаардын борборунда жайгашкан көчөлөрдө оңдоо иштери жай мезгилинде башталат, ал учурда автоунаа кыймылы бир кыйла азайганы байкалат”, - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий