• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

15-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.04.18. /Кабар/. Эртең 15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде бир аз жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25;

Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20..25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20 градуска чейин жогорулайт.

Эртең Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 22...24 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий