• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

15-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Эртең, 15-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28, Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29 градус.

Эртең Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18 градус, күндүз температурасы 26…28 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий