• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

15-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 11-декабрдан 15-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

11-15-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-декабрда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

11-15-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

11-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

12-декабрда жана 13-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-декабрда күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-декабрда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

11-13-декабрларда жана 14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда күндүз жана 15-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

11-15-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

11-13-декабрларда жана 14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда күндүз жана 15-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий