• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

15-декабрга карата аба ырайы: Бишкекти туман каптайт

Коом 0

Бишкек, 14.12.17. /Кабар/. Эртең, 15-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерин маал-маалы менен туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Таласта облусунда -9…-14, күндүз -2…+3;

Баткенде облусунда 0…-5, күндүз -1…+4;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;

Бишкекте эртең маал-маалы менен туман каптайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн -6…-8, күндүз -2…-4 градус төмөндөйт.

16-17-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. 18-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий