• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

15-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 11-февралдан 15-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

11-15-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

11-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

12-февралда түнкүсүн Чүй облустунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-февралда күндүз жана 13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда күндүз жана 15-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

11-15-февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

11-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жаан жаашы күтүлөт.

12-февралда түнкүсүн бир аз жаан, кар жаашы күтүлөт.

12-февралда күндүз жана 13-15-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

11-15-февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

11-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

13-февралда күндүз жана 14-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда күндүз жана 15-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

11-15-февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

11-февралда жана 12-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

12-февралда күндүз жана 13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда күндүз жана 15-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-февралда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-15-февралдарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

11-февралда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

12-февралда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт.

12-февралда күндүз жана 13-14-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-февралда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

11-15-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

11-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

12-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-февралда күндүз жана 13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-февралда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий