• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

15-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда, күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз -2…-7 градус, Ысык-Көл облусунда 0…-5 градус, Нарын облусунда күндүз -1…-6 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусарында абанын күндүзгү температурасы -3…+2 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкекте күндүз кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы -2…-4 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий