• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

15-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Эртең, 15-февралда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11, Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6 градус суук болушу ыктымал.

Ош, Жалал-бад жана Баткен облустарында болсо абанын температурасы түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12 градус жылуу болот.

Эртең, 15-февралда борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус, күндүз 9…11 градус жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий