• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

15-январда өлкөнүн айрым райондорунда кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Эртең, 15-январда Кыргызстандын айрым райондорундо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;

Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;

Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Ошто облусунда -2…-7, күндүз -2…+3;

Жалал-Абадда -2…-7, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -7…-12 градус болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -8…-10°, күндүзгү 0…-2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий