• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

15-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 11-январдан 15-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

11-12-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

14-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-январда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-январларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

11-12-январларда жана 13-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-январда эртең менен, күндүз жана 14-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

15-январда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

11-12-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-январда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

15-январда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

11-12-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-январда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

14-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 13-14-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

11-12-январларда жана 13-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-январда күндүз, 14-январда жана 15-январда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

15-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-январларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

11-12-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-январларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий