• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

15-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Эртең, 15-июлда өлкөнүн айрым облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Алсак, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап өтүшү ыктымал.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32 градус, Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35 градуска чейин ысык болот.

15-июлда борбор калаабыз Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын табы түнкүсүн 16…18 градус, күндүз 30…32 градуска чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий