• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

15-июндан тартып Бишкек-Балыкчы поезди жүрө баштайт, билет баасы 69 сом

Коом 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Жайкы туристтик сезонго карата 15-июндан тарта Бишкек-Балыкчы поезди жүрө баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.

"Эми жайкы эс алуу сезону аяктаганга чейин №608 “Бишкек I-Балыкчы” жана №609 “Балыкчы-Бишкек I” поезд каттамы 2018-жылдын 15-июнунан 29-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 30-июлдан тартып 10-сентябрга чейин күн сайын каттай баштайт",-деп айтылат маалыматта.

Поезд каттамынын жүгүртмөлөрү төмөндөгүчө:

№608 “Бишкек I-Балыкчы” каттамы саат 6:25де “Бишкек I” (Пишпек) темир жол бекетинен жөнөп, саат 11:20да Балыкчыга барат.

№609 “Балыкчы-Бишкек I” поезди саат 17:08де Балыкчы бекетинен жөнөп, кечки саат 21:56да “Бишкек I” (Пишпек) темир жол бекетине келет.

Билет баалары:

Чоңдор үчүн: 69 сом

Балдар үчүн: 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин)

Кошумча маалымат үчүн телефондор: 92 68 54, 30 02 09, 92 74 75

Пикир

Оставить комментарий