• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

15-июнга карата Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 5 млрд 475,3 млн сом келип түштү − Өскөнбаева

Коом 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. 15-июнга карата Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине жалпы 5 млрд 475,3 млн сом келип түштүэ Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөнбаева билдирди.

Ал белгилегендей, анын ичинен республикалык бюджеттен 4 млрд 631,8 млн сом жана Социалдык фонддон 843,5 млн сом келип түшкөн.

“Фонд келип түшкөн каражаттын ичинен 4 млрд 613 млн сомду медициналык кызматтарды каржылоого багыттады. Анын ичинен 3 млрд 468 млн сом эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө, 700,8 млн сом дары-дармектерди, 130,8 млн сом тамак-аш азыктарын сатып алууга, 263,2 млн сом коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө, 28,8 млн сом транспорттук чыгымдарга, анын ичинде тез жардам үчүн күйүүчү майга ж.б. кызматтарга 21 млн сом жумшалды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий