• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

15-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 11-майдан 15-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

11-майда жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-майда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-майда күндүз Талас облусунун кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-майда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-майда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-майда күндүз жана 14-15-майларда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

11-13-майларда жана 14-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

15-майда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-майда күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

11-майда жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-майда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-майда күндүз жана 14-майда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-майда күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-майда күндүз жана 14-15-майларда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

11-майда кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 12-майда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-майда жана 14-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-майда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-15-майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

11-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

11-майда күндүз, 12-14-майларда жана 15-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-майда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 11-майда жана 15-майда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

11-майда жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

13-майда жана 14-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-майда күндүз кээ бир райондордо, 15-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-майда күндүз жана 14-15-майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий