• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

15-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Эртең, 15-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19…24, Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 19…24 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18 градуска жетет. Ал эми Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27 градус жылуу, Баткен облусунда болсо ​түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27 градус ысык болот.

Эртең Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 22…24 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий