• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

15 мамлекеттик органдын коомдук кеңештерине сынак уланууда

Коом 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Республикада 15 мамлекеттик органдын коомдук кеңештеринин иш мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, бир катар мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине сынак улантылды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынак улантылган мамлекеттик органдар төмөнкүлөр:

Маданият, маалымат жана эмгек министрлиги;

Каржы министрлиги;

Экономика министрлиги;

Салык кызматы;

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги;

Технологиялар жана байланыш комитети;

Каттоо кызматы;

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы;

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы;

Каржылык чалгындоо кызматы;

Архитектура, курулуш жана турак-жай комплекси агенттиги;

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги;

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт иштери боюнча агенттиги;

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги;

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы.

Сынакка бизнес чөйрөсүндөгүлөр, эксперттер, өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кандай ассоциациялардын өкүлдөрү катыша алышат.

Маалым болгондой, 36 мамлекеттик органдын коомдук кеңеш мүчөлөрү 2 жылга тандалат. Сынакка катышуу үчүн арыз, резюме, коомдук кеңеште кандай иштерди аткарып, кандай аракеттерди көрөөрү тууралуу кыскача баяндама жана эки адамдан сунуштама кат керектелет.

Коомдук кеңештерге жашы он сегизден жогору, мурда соттолбогон, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебеген жаран мүчө боло алат. Сынак тууралуу кененирээк www.osgo.kg сайтынан билсе болот.

Пикир

Оставить комментарий