• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

15-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек,10.03.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 11-марттан 15-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

11-15-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

11-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жашы, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот.

13-мартта түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 13-мартта эртең менен жана күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

14-мартта жана 15-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 15-мартта күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-марттарда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-15-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

11-мартта жаан, кар жаашы күтүлөт.

12-мартта жана 13-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-мартта күндүз жаан жаашы күтүлөт.

14-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

15-мартта мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-мартта күндүз жана 14-мартта 14 метрге жетиши күтүлөт.

11-15-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

11-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

12-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот.

12-мартта күндүз, 13-мартта жана 14-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тонголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-мартта жана 13-15-марттарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-15-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

11-мартта түнкүсүн Каракол шаарында жаан, кар жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаашы күтүлөт.

12-14-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-мартта мезгили-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 матрден, 11-мартта жана 14-15-марттарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-15-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

11-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жааш күтүлөт.

12-мартта жана 13-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот.

13-мартта эртең менен, күндүз жана 14-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-мартта күндүз жана 15-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-мартта жана 13-15-марттарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий