• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

15-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.11.21. /Кабар/. Эртең, 15-ноябрда, түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдайт.

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, күндүз Чүй, Талас, Нарын, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт Ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2 , күндүз -1…+4 градус, Талас облусунда түнкүсүн 0…-5 , күндүз 2…7 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5 , күндүз 5…10 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8 градуска жетет.

Эртең, 15-ноябрда Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3 градус суук, күндүз 12…14 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий